Испаниялык компания Бишкекте таштанды сорттоочу завод курууну сунуштап жатат

Испаниялык компания Бишкекке таштанды сорттоочу завод курууну сунуштоодо. Бул сунушту Бишкек мэриясы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте карап жатат. Бул тууралуу борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, компаниянын Казакстанда тажрыйбасы бар жана 2022-жылдын күзүндө завод курууга даяр. «Алар жакшы шарттарды сунуштап,  үчүнчү кварталда куруп беребиз деп ишендирип жатышат», – деди вице-мэр.

Анын берген маалыматына караганда, инвестордун юристтери менен жолугушуу пландаштырылган. Эгерде тараптар бир пикирге келсе, мэрия курулуш боюнча келишимге кол коет.

Таштандыларды сорттоочу завод санитардык полигон менен жаңы рекультивация аймагында жайгашмакчы.