> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы 11 айда бюджетке 41 млрд сом төктү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/17/bazhy-kyzmaty-11-ajda-bjudzhetke-41-mlrd-som-t-kt/
- Published: 2021-12-17T10:34:49.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бажы кызматы 11 айда 41.4 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйынында билдирди.**

> 2020-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу бул көрсөткүч 67%дан ашык өскөн.

Кубанычбеков ошондой эле бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолду. Алсак, 11 айда 2227 бажылык укук бузуу фактылары аныкталып, алар боюнча 2070 мыйзам бузуу фактылары ачылып, **9.5 млн сом айып өндүрүлүп, 132.4 млн сом бажы төлөмдөрү** төлөнгөн.

Мындан тышкары, бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 157 материалды кароонун жыйынтыгы боюнча **93.9 млн сом зыяндын орду толтурулган**. Жалпысынан мамлекеттик бюджетке кошумча кирешелер **235.8 млн сомду** түзгөн.