> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дыйкандарга 412 млн сом жеңилдетилген насыялар  берилиши күтүлүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/12/17/dyjkandarga-412-mln-som-zhe-ildetilgen-nasyyalar-berilishi-k-t-l-d/
- Published: 2021-12-17T13:30:06.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети 2022-жылы дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоого 412 млн сом бөлүүнү көздөөдө. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Каражат кезектеги «Айыл чарбасын каржылоо» (АЧК – 10» долбооруна катышкан банктардын пайыздык чендерин субсидиялоого жумшалат. Бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө азыраак пайыздык үстөк менен кредит берүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, быйыл «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен 372 млн сом дотацияга бөлүнгөн. Дыйкандар үчүн акыркы ставкалар жылына 6-8-10%дан болгон эле.