Дыйкандарга 412 млн сом жеңилдетилген насыялар берилиши күтүлүүдө

Министрлер кабинети 2022-жылы дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоого 412 млн сом бөлүүнү көздөөдө. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Каражат кезектеги «Айыл чарбасын каржылоо» (АЧК – 10» долбооруна катышкан банктардын пайыздык чендерин субсидиялоого жумшалат. Бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө азыраак пайыздык үстөк менен кредит берүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, быйыл «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен 372 млн сом дотацияга бөлүнгөн. Дыйкандар үчүн акыркы ставкалар жылына 6-8-10%дан болгон эле.