> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «ЭкоИсламикБанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинде жаңы дайындоолор болду
- URL: https://im.kg/all/2021/12/17/ekoislamikbank-menen-keremet-banktyn-direktorlor-ke-eshinde-zha-y-dajyndoolor-boldu/
- Published: 2021-12-17T14:55:49.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:12:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк эки коммерциялык банктын – «ЭкоИсламикБанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүн жактырды. Бул тууралуу регулятордун [сайтында](https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?item=31%E2%8C%A9=RUS&material=106035) маалымат чыкты.**

Улуттук банк «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы кызматына **Сергей Кошелевдин** талапкерлигин жактырды. 

Ал эми **Калыбек Абдыкадыров** «Керемет Банк» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп бекитилди.

Ошону менен катар эле **Раушан Сейткасымова** «Керемет Банк» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды.