«ЭкоИсламикБанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинде жаңы дайындоолор болду

Улуттук банк эки коммерциялык банктын – «ЭкоИсламикБанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүн жактырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат чыкты.

Улуттук банк «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасы кызматына Сергей Кошелевдин талапкерлигин жактырды.  

Ал эми Калыбек Абдыкадыров «Керемет Банк» ААКнын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп бекитилди.

Ошону менен катар эле Раушан Сейткасымова «Керемет Банк» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды.