Курманбек Бакиевдин жээни электромобилдерди чыгарган компанияга ээлик кылбайт
Экс-президент Курманбек Бакиевдин жээни Сымбат Марабек электромобилдерди чыгарган Spark компаниясына ээлик кылбайт. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Spark компаниясынын негиздөөчүсү Искендер Сулейманов билдирди.
«Негизи ишкана Сымбатка тиешелүү эмес. Ал кызматкер жана адис катары компанияга жардам берет. Биз аны компетенттүүлүгүнөн улам жумушка алганбыз. Ал бул бизнеске жеке салым кошкон эмес, ал компанияда кызматкер катары гана иштейт. Биз чындап эле Кыргызстанга 100 электромобилди алып келүүнү пландап жатабыз, алар үчүн жеке кардарлардан, юридикалык жактардан жана такси компанияларынан алдын ала буйрутмалар бар», – деп түшүндүрдү компаниянын жетекчиси.
Ал ошондой эле компания саясатка тиешеси жок экенин жана толугу менен жеке инвестициянын жардамы менен негизделгенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, osoo.kg маалымат базасына ылайык, Spark электромобилдерин сатуучу компания 2021-жылдын 11-майында катталган. Анын негиздөөчүсү жана жалгыз ээси Искендер Сулейманов болуп эсептелет.
Эскерте кетсек, жакында эле ЖМКда Курманбек Бакиевдин жээни электромобилдерди саткан компанияга ээлик кылгандыгы тууралуу маалымат тараган болчу.