Кыргызстанда аз камсыз болгон 366 миң бала жөлөк пул алат
Кыргызстанда аз камсыз болгон 366 миң бала жөлөк пул алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы Мираида Нактаева Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын берген маалыматына таянсак, 113 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган 366 миң бала мамлекет тарабынан жөлөк пул алат жана кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү өлкөдө бүгүнкү күндө 1000 сомду түзөт.
«Эгерде бир адамга карата киреше 1000 сомдон ашпаса, үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки балдарга аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул берилет. Аны өлкөдө учурда 113 миң бүлөдө жашаган 366 миң бала алат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы калктын жакырчылык деңгээли 25 пайызды түзөт. Өлкөдөгү жакырчылыкты азайтуу үчүн комплекстүү иштер жасалышы кажет. Учурда экономиканын күчү мындай социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө алы жетпей турат», – дейт Нактаева.