> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Red Petroleum ККМ саткан компаниялардын ичинен бюджетке эң көп салык төлөдү – дээрлик 3.8 млрд
- URL: https://im.kg/all/2021/12/17/red-petroleum-kkm-satkan-kompaniyalardyn-ichinen-bjudzhetke-e-k-p-salyk-t-l-d-deerlik-3-8-mlrd/
- Published: 2021-12-17T16:22:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:09:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**[«Ачык бюджет»](https://budget.okmot.kg/ru) порталынын маалыматына ылайык, Red Petroleum компаниясы мамлекеттик бюджетке 3 млрд 769 млн сом төлөгөн.**

Андан кийин КММ саткан компаниялардын арасынан салык төлөө боюнча экинчи орунда россиялык «Газпром» АКнын туунду компаниясы **«Газпром Нефть Азия» (3 млрд 14 млн сом**) турат.

**«Бишкек петролеум»** («Шнос» ЖЧК) болсо **805 млн сом,** **«Роснефть» 835 млн сом** жана **«Партнер Нефть» 751 млн сом** төлөшкөн.

> Жалпысынан алганда, 2021-жылдын 11.5 айында Кыргызстанда ККМ саткан **5 ири компания** республиканын мамлекеттик бюджетине **9.4 млрд сом** которгон.

Эскерте кетсек, КРда **үстөмдүк позицияны ээлеген** күйүүчү май ташыган 3 субъект бар, алар – «Газпром», «Ростнефть» жана «Ред Петролеум». Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков[ билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/24/krda-st-md-k-poziciyany-eelegen-k-j-ch-maj-tashygan-3-subekt-bar-alar-gazprom-rostneft-zhana-red-petroleum/) болчу.