> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Торугарт» менен «Эркечтам» бекеттери аркылуу жүк ташуу эки эсеге көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/17/torugart-menen-erkechtam-beketteri-arkyluu-zh-k-tashuu-eki-esege-k-b-jd/
- Published: 2021-12-17T10:14:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай менен чектешкен «Торугарт» жана «Эркечтам» пункттары аркылуу жүк ташуу эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу кечээ, 16-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, ноябрь айында бул өткөрмө бекеттер аркылуу суткасына **30дан 60ка чейин автоунаа к**елип жаткан болсо, учурда бул өткөрмө бекеттерден күнүнө 125 унаа өтүүдө.

> «Бул биз үчүн чоң жетишкендик, анткени бажы төлөмдөрүнүн 70% Кытайдан келет. Ошентип, ноябрь айында белгиленген планды 100% аткара алдык», – деди Бажы кызматынын башчысы.