> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 10 айда КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 661 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/10-ajda-kr-menen-t-rkiyanyn-ortosundagy-sooda-zh-g-rt-661-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2021-12-20T10:45:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын** **10 айында КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 661.1 млн долларга жетти. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган конференцияда [билдирди](https://www.facebook.com/kgembassytr/posts/620660682685886).** 

Түркиянын Анкара шаарындагы Кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борборунда (ANKASAM) өткөн иш чарага элчи Өмүралиев, серепчилер жана окумуштуулар, аналитикалык борборлордун жана ММКлардын өкүлдөрү, ошондой эле аталган борбордун кызматкерлери катышты.

> Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү **1 млрд долларга жеткирүү** боюнча мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырма аткарылып жатканын белгилеп, 2021-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү **661.1 млн долларга** жеткенин жана 2020-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 263.6 млн долларга көбөйгөнүн маалымдады.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык жана туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.