> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Кыргызстан 70 миң тонна кумшекерди салыксыз импорттойт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/2022-zhyly-kyrgyzstan-70-mi-tonna-kumshekerdi-salyksyz-importtojt/
- Published: 2021-12-20T16:19:23.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан 70 миң тонна кумшекерди салыксыз импорттой алаарын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Бул Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №140 «Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы биримдигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечиминин натыйжасында мүмкүн болоорун ведомстводон билдиришти.

2022-жылдын январь айынын аягынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмүн арыз ээлери арасында бөлүштүрүү пландалууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, [ички өндүрүш керектөөнүн 50-60%ын гана жабат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/11/22/krnyn-kumshekeri-lk-n-n-kerekt-s-n-n-50-yn-gana-kamsyzdajt/). Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.