2022-жылы Кыргызстан 70 миң тонна кумшекерди салыксыз импорттойт

Кыргызстан 70 миң тонна кумшекерди салыксыз импорттой алаарын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №140 «Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы биримдигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечиминин натыйжасында мүмкүн болоорун ведомстводон билдиришти.

2022-жылдын январь айынын аягынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмүн арыз ээлери арасында бөлүштүрүү пландалууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн 50-60%ын гана жабат. Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.