> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл Банкка» нааразы болгон дыйкандар митингге чыгышты
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/ajyl-bankka-naarazy-bolgon-dyjkandar-mitingge-chygyshty/
- Published: 2021-12-20T15:12:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыйырмага чукул дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Кыргызстандын аймактарынан чогулган дыйкандар лизингге айыл-чарба техникаларын ала албай даттанып жатышканын «Азаттык» билдирди.**

Белгилей кетсек, өкмөт быйыл октябрь айында «Айыл Банк» аркылуу дыйкандарга 4.5% насыя берилет деп убада кылган. 

> Берилген маалыматка ылайык, дыйкандардын алды лизингге техника алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөшкөн. Бирок, кийин «Айыл Банк» акча жок экенин, насыяны 14% берүүгө даяр экенин билдирген. Дыйкандар 14% өтө эле жогору деп нааразы болуп жатышканын аталган маалымат булагы билдирет. 

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 6-декабрда дыйкандар жер салыктарынан бошотулаары жана аларга 6%дык кредиттер берилээри [тууралуу жарлыкка](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/06/dyjkandar-zher-salygynan-boshotulat-zhana-alarga-6-dan-nasyyalar-berilet-prezident/) кол койгон болчу. Ал эми 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген эле.