> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек менен Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр курулат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/bishkek-menen-zhalal-abadda-ukmknyn-kyzmatkerlerine-k-p-kabattuu-jl-r-kurulat/
- Published: 2021-12-20T09:55:56.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында УКМК кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу 18-декабрда президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча жаңы имаратынын ачылышында билдирди.**

Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, Башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.

> «Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деди Жапаров.

Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.