Бишкек менен Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр курулат
Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында УКМК кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу 18-декабрда президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча жаңы имаратынын ачылышында билдирди.
Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, Башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.
«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деди Жапаров.
Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.