> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электробустардын жол киреси 11 сомдон болот  –  арзан болбойт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/elektrobustardyn-zhol-kiresi-11-somdon-bolot-arzan-bolbojt/
- Published: 2021-12-20T12:11:23.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы республикага алынып келинип, жумушка кирчү электробустардын жол киреси 11 сомдон болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=3Xk3lB6SHVY) белгилүү болду.** 

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга аккумулятордук автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн **50.65 млн доллар** берет. 

Шаарды электрлештирүү долбоору **25 млн доллар** өлчөмүндөгү **кредитти, 25 млн доллар** өлчөмүндөгү **грантты** жана Жогорку технологиялар паркынан 650 миң доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоону камтыйт жана **эскирген дизелдик автобустарды** жана **троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустарды сатып алууну каржылайт**.