> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/kyrgyzstanda-turizmdi-n-kt-r-n-koldoo-fondu-t-z-l-t/
- Published: 2021-12-20T09:44:20.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.**

Жарлыкка ылайык, туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатып, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоо жана өнүктүрүү керек. Анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөр да бар. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу пландаштырылууда.

Анын алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Ошондой эле министрлер кабинетине **«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду»** мамлекеттик мекемесин түзүү, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.