Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатып, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоо жана өнүктүрүү керек. Анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөр да бар. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу пландаштырылууда.

Анын алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Ошондой эле министрлер кабинетине «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.