> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пластик иштетүүчү заводдун жабдууларына 80 миң доллар кеткен
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/plastik-ishtet-ch-zavoddun-zhabduularyna-80-mi-dollar-ketken/
- Published: 2021-12-20T11:18:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарындагы BeGreen экологиялык кыймылы пластикти кайра иштетүүчү чакан заводдун жабдууларын алууга 80 миң доллар сарптаганын ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Аман Сейдакматов «Марал Радиосуна» берген маегинде билдирди.** 

Анын айтымында, завод жаратылышка кам көргүсү келген жарандардын жардамы менен ишке кирүүдө. Ал эми техникалык жабдуулар болсо Кытайдан алынып келинген. 

> «Жабдуулардын иштөөсү, бизнес процесстер боюнча ар кандай донорлордон эксперттерди тартууга аракет кылуудабыз. Жалпы каражат өзүбүздүн күч десек болот. Биз сатып алган жабдуунун баасы: 80 миң доллар», – деген ал.

Ошондой эле негиздөөчүлөрдүн айтканына караганда алар ачып жаткан заводдогу станоктор, техникалар — жаратылышка зыяны жок, эч кандай химиялык кошулмалары жок, бардыгы табигый механикалык жол менен иштей турган жабдуулар болуп саналат.