> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстандан келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, айдоочу жок – вице-мэр
- URL: https://im.kg/all/2021/12/20/zbekstandan-kelgen-210-avtobustun-110-gana-ishtep-zhatat-ajdoochu-zhok-vice-mer/
- Published: 2021-12-20T13:53:26.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбекстандан алынып келген 210 автобустун 110 гана иштеп жатат, анткени айдоочу жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=3Xk3lB6SHVY) вице-мэр Таалайбек Орозов билдирди.**

Вице-мэрдин айтымында, жеке фирмалар тарабынан алынган 210 автобустун калган 100 автобусу жөн гана турат, анын себеби, айдоочу жетишпейт. 

> «2019-жылга чейин 4000 ашуун маршрутка каттаса, бүгүн күндө 1500 гана иштеп жатат. Муниципалдык ишканадан 70 автобус, 130 троллейбус каттамга чыгып жатат», – деди Орозов.

Комитеттин мүчөсү Айнура Аскарова вице-мэрге учурда мэрия Казакстанга барып, автобус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, ал автобустар Кытайдыкы экенин, эмне үчүн Кытайдыкын Казакстан аркылуу алып жатышкандыгы тууралуу суроо салды. 

> «Алардын сапаты кандай? Кайрадан эле Өзбекстандын автобустарынын тагдырын кайталабайбы? Макулдашуу жүрүп жаткан болсо, бул демек, алып келүү пландалууда, туурабы» – деди Аскарова.

Вице-мэр Таалайбек Орозов сүйлөшүүлөр учурда макулдашуу гана этабында экенин билдирди.