> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/21/11-ajda-respublikalyk-bjudzhettin-kireshesi-137-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2021-12-21T11:17:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137.2 млрд сомду түзүп, план 105%га аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев онлайн брифингде билдирди.**

Анын айтымында, 2020-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 41.4 млрд сомго же 43.2%га өскөн. Министр июнь айында бюджетке түшчү киреше 7 млрд сомго артта калып жаткан болсо, учурда 500 млн сомго гана жетпей жатканын билдирди. 

> «Жалпысынан **95.7 млрд сом** чогултулуп, пландан 104.2%га же 3.8 млрд сомго көп жыйналды. 2020-жылга салыштырмалуу **25.4 млрд сомго** көбөйгөн. Биздин республикалык бюджеттин абалын эске алсак, бул жакшы көрсөткүчтөр», – деди Амангелдиев.