2022-жылы Бишкек мэриясы бюджетти оптималдаштыруу максатында кызматтардын бир бөлүгүн аутсорсингге берүүнү көздөөдө

Кийинки жылы Бишкек мэриясы бюджетти оптималдаштыруу максатында кызматтардын бир бөлүгүн аутсорсингге берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаарын 2021-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында айтылат.

Бишкек мэриясынын билдиргиненине караганда, муниципалитетти башкаруу системасы учурдагы реалдуулукка дал келип, коомдун бардык муктаждыктарына жооп бериши керек.

«Жеке сектордун ийкемдүүлүгүн жана көбүрөөк натыйжалуулугун эске алуу менен, муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын жана иштердин айрым түрлөрүн аутсорсингге берүү саясаты пландалууда. Бул учурдагы чыгымдардын натыйжалуулугун жана коом үчүн потенциалдуу пайдасын баалоонун негизинде ишке ашырылат», – деп айтылат программада.