> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Aviasales.kg: Быйыл кыргызстандыктар былтыркыга караганда үч эсе көп учушту
- URL: https://im.kg/all/2021/12/21/aviasales-kg-byjyl-kyrgyzstandyktar-byltyrkyga-karaganda-ch-ese-k-p-uchushtu/
- Published: 2021-12-21T15:07:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл кыргызстандыктар авиабилеттерди былтыркыга караганда 2.5 эсеге көп издешкен, ал эми брондоо болсо 3.5 эсеге өскөн. Мындай маалымат Aviasales.kg сайтынын 2021-жылга карата жыл жыйынтыгын чыгарган изилдөөсүндө айтылат.**

Aviasales.kg сайтынын изилдөөсүнө ылайык, саякат индустриясы пандемиядан кийин калыбына дээрлик келди. 2019-жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстандын жашоочулары авиабилеттерди **35%га** көбүрөөк брондогон. 

Ички каттамдарга келсек, 2021-жылы билеттер былтыркыга караганда **2.5 эсе**, ал эми 2019-жылга караганда эки эсе көп брондолгон.

**Бул жылы эң популярдуу эл аралык багыттар болуп төмөнү мамлекеттер көрсөтүлгөн:**

- Орусия
- Казакстан
- Түркия
- Өзбекстан
- Түштүк Корея
- АКШ

2021-жылы кыргызстандыктар көбүнчө **Москва, Санкт-Петербург, Алматы, Стамбул, Красноярск** жана **Новосибирск** шаарларына учушкан. Эң көп талап кылынган ички багыттар Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарлары болду деп айтылат маалыматта.