Aviasales.kg: Быйыл кыргызстандыктар былтыркыга караганда үч эсе көп учушту

Быйыл кыргызстандыктар авиабилеттерди былтыркыга караганда 2.5 эсеге көп издешкен, ал эми брондоо болсо 3.5 эсеге өскөн. Мындай маалымат Aviasales.kg сайтынын 2021-жылга карата жыл жыйынтыгын чыгарган изилдөөсүндө айтылат.

Aviasales.kg сайтынын изилдөөсүнө ылайык, саякат индустриясы пандемиядан кийин калыбына дээрлик келди. 2019-жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстандын жашоочулары авиабилеттерди 35%га көбүрөөк брондогон.

Ички каттамдарга келсек, 2021-жылы билеттер былтыркыга караганда 2.5 эсе, ал эми 2019-жылга караганда эки эсе көп брондолгон.

Бул жылы эң популярдуу эл аралык багыттар болуп төмөнү мамлекеттер көрсөтүлгөн:

  • Орусия
  • Казакстан
  • Түркия
  • Өзбекстан
  • Түштүк Корея
  • АКШ

2021-жылы кыргызстандыктар көбүнчө Москва, Санкт-Петербург, Алматы, Стамбул, Красноярск жана Новосибирск шаарларына учушкан. Эң көп талап кылынган ички багыттар Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарлары болду деп айтылат маалыматта.