Банкта эсеп ачуу үчүн салыктык каттоодон өтүү керек – Экономика министри бул бардык жарандарга тиешелүү эмес дейт

Жаңы Салык кодекси күчүнө киргенден тартып, банкта эсеп ачкысы келген жарандар салык каттоосунан өтүүсү керектигин депутат Дастан Бекешев социалдык тармактарда жазган болчу.

«2022-жылдын 1-январынан баштап, банк эсебин ачкысы келгендердин баары салыктык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, банк эсебин ачуу үчүн жарандардан салык кызматына барып, ошол жерде кезекке туруп, маалымкат алуусу кажет», – деп жазган эле Бекешев.

Эскерте кетсек, учурда парламентте каралып жаткан жаңы Салык кодексинин долбоорунда «КРда салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу болгондо гана банктар эсеп ачууга милдеттүү» деген норма бар болчу.

Ал эми Экономика министри Данияр Амангелдиев бул банктардын талабы экендигин айтат.

«Эч нерсе өзгөргөн жок, биз юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди салык төлөөчү деп эсептейбиз, ошондуктан бул нормада көрсөтүлгөн. Жеке адамдарга келсек, аларга карата эч нерсе өзгөргөн жок. Бул биздин талап эмес, банктардын талабы. Ишкерлерди банкка каттоодо ИНН берилет, ошондуктан банктарда мындай талап бар. Бул норма азыр да бар», – деди министр.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, 22-декабрда Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун үчүнчү окууда карашмакчы. Аталган долбоордун жаңы редакциясы бизнес-коомчулугунда кызуу талкууну жаратууда. Алардын ичинен эң эле кашкайып турганы – Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берүү мүмкүнчүлүгү саналат.

«Салык кодексинин жаңы редакциясы» эгер кабыл алынса, 2022-жылдан тартып күчүнө кирет. Азыркы Салык кодекси 10-11 жылдан бери колдонулуп келе жатат. Бул аралыкта ага 130дан ашык өзгөртүүлөр киргизилген. Азыркы редакцияда эки негизги режим киргизилген. Биринчиси – ири компаниялар төлөй турган жалпы салыктык режим. Экинчиси – бирдиктүү салык төлөмү. 30 млн сомго чейинки акча каражатын жүгүрткөн компаниялар менен ишкерлер ушул бирдиктүү салык режимине өтө алат. Ал жерде бир гана салыктын түрүн төлөп, бир салыктык отчет беришет. Ал эми Google, Яндекс сыяктуу компаниялар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөшү керек болот.

  • Жаңы кодекстеги каралган чоң өзгөрүүлөрдүн бири – социалдык төлөмдөр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болот. Тагыраак айтканда, 15 адамдан ашкандан кийин төлөмдөр 14.25 % болот
  • Жаңы салык кодексинде ошондой эле бизнестин кээ бир түрлөрүнө патент системасын жоюу каралган. Эскерте кетсек, учурда чакан жана орто бизнес негизинен ушул патент системасы менен иштейт
  • Салык кызматы Укук коргоо органы сыяктуу салык иликтөө иштерин жүргүзө алат
  • Жыйналган салыктын 3% Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша бекитилет.