> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстандын ичинде билеттердин орточо баасы 3100 сомду түздү – Aviasales.kg
- URL: https://im.kg/all/2021/12/21/byjyl-kyrgyzstandyn-ichinde-biletterdin-ortocho-baasy-3-mi-130-somdu-t-zd-aviasales-kg/
- Published: 2021-12-21T15:18:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Кыргызстандын ичинде билеттердин орточо баасы 3 миң 130 сомду түзүп, былтыркыдан 10%га кымбаттады. Мындай маалымат Aviasales.kg сайтынын 2021-жылга карата жыл жыйынтыгын чыгарган изилдөөсүндө айтылат.**

Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй Россияга да билеттер кымбаттаган. 2020-жылга салыштырмалуу быйыл **Москвага** авиакаттамдын орточо баасы **45%га өсүп**, ал **25 667 сомду** түзгөн. **Түштүк Кореяга** учкан каттамдардын баасы да көтөрүлүп, азыр билет былтыркыга караганда орточо эсеп менен **50%га кымбаттаган**.

Ал эми **Стамбулга** авиа каттамдар тескерисинче, баа орто эсеп менен 2%га арзандап, ал **18 452 сомду** түзгөн.

2021-жылы Кыргызстандын жараны сатып алган эң кымбат билет АКШнын Мемфис шаарына жүз миң сомдон ашык (123 377 сом) болгон. Ал эми Ошко эң арзан авиакаттамы болуп, ал **2 957 сом** болгон.