> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик маанидеги документтерди эми «Гознак» ЖЧК карайт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/21/mamlekettik-maanidegi-dokumentterdi-emi-goznak-zhchk-karajt/
- Published: 2021-12-21T09:53:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.**

> Жарлыкка ылайык, «Гознак» ЖЧК (мамлекеттик үлүшү 65%) КРнын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде **мамлекеттик маанидеги документтерди**, КРнын **жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын** жана **атайын мамлекеттик бланктарын**, анын ичинде **так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктарын** даярдоочу болуп аныкталды.

Жарлык КРнын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында жарыяланганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкта «Гознак» ЖЧК КРнын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген КРнын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин деп айтылат.