Салык кызматы текшерүү учурунда 4 миң ишкердин мыйзам бузууларын аныкташты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2021-жылдын 13-декабрынан 20-декабрына чейин Бишкек жана Ош шаарларында ишкердик субъекттердин дислокациясын тактоо боюнча кеңири масштабдуу контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө 20 миң 604 субъектти текшеришип, 4 миң 26 ишкерден салык мыйзамдарын бузууларын аныкташкан. Бул тууралуу СКнын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2 миң 310 субъектте контролдук-кассалык машинасы, 2 миң 59унда уруксат документтери (күбөлүк же патент) жок болгон. Мындан тышкары, 4 миң 319 жалданма жумушчулар менен эмгек келишими түзүлгөн эмес, 4 миң 333 жалданма жумушчуларга камсыздандыруу төгүмдөрү (полиси) төлөнгөн эмес.

Эскерте кетсек, Салык кызматы ушул жылдын 13-декабрынан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук базасын түзүү жана тактоо боюнча масштабдуу иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Кызматкерлер жеринде электрондук дислокациянын системасы менен маалыматтарды салыштыруу аркылуу ишкерлерди толук камтуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө, контролдук-кассалык машинанын болушун жана колдонулушун жана башка ишкердикке уруксат берүүчү документтерин текшерип, тиешелүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип жатышат. Ошондой эле чектердин берилише карата контролдук сатып алуулар өткөрүлүүдө.

Салык кызматы контролдук иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу салык төлөөчүлөрдөн салык органдарынын кызматкерлерине жардам көрсөтүүнү жана талап кылынган бардык материалдарды, маалыматтарды берүүнү өтүнөт.

Ушундай иштер 20-декабрдан тартып Чүй облусунун райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жүргүзүлүүдө.