> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/22/2022-zhyly-salyk-zhana-bazhy-kyzmatkerlerinin-ajlyk-akysy-k-t-r-l-t/
- Published: 2021-12-22T12:08:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=MxFQixW5S8A) Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.**

Министрдин айтымында, Министрлер кабинети айлык маянанын жаңы концециясын иштеп чыгышкан жана ага ылайык, 2022-жылдан тартып **Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт**.

Жыйында депутат Осмон Турдумамбетов Салык кызматынын башчысына жөнөкөй инспектордун айлык акысы канча экенин сурады. 

Салык кызматынын төрагасы Абдувапов салык кызматкеринин орточо маянасы бүгүнкү күндө 12 миңден 20 миң сомго чейин [экенин айтты](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/22/salyk-kyzmatkeri-ortocho-12-20-mi-ge-chejin-ajlyk-alat/).