2022-жылы Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт

2022-жылы Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Министрдин айтымында, Министрлер кабинети айлык маянанын жаңы концециясын иштеп чыгышкан жана ага ылайык, 2022-жылдан тартып Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.

Жыйында депутат Осмон Турдумамбетов Салык кызматынын башчысына жөнөкөй инспектордун айлык акысы канча экенин сурады.

Салык кызматынын төрагасы Абдувапов салык кызматкеринин орточо маянасы бүгүнкү күндө 12 миңден 20 миң сомго чейин экенин айтты.