Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Калыс-Ордо конушундагы мектепти куруу жана Түркиянын он жаранына паспорт берүү, ошондой эле Орхан Инандын иши боюнча эки кылмыш иши жокко чыгарылды.

Бирок анын башка иштер боюнча, тагыраак айтканда, Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыратуу кылмыш жазасы турат.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Октябрь окуясы боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылган болушу мүмкүн экенин билдирди.

«Эртең Жогорку Сотто Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум болот. Эгерде коллегия коргоону колдосо, анда Алмаз Шаршенович эркиндикке чыгышы керек», – деди ал.

Учурда Атамбаев Кой-Таш боюнча кылмыш иштери, коррупция жана жер тилкелерине байланышкан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо, октябрь окуясы боюнча айыпталууда.