> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дастан Бекешев: 15 күндө салык төлөөчүлөр салык режимин өзгөртүүгө жетишпейт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/22/dastan-bekeshev-15-k-nd-salyk-t-l-ch-l-r-salyk-rezhimin-zg-rt-g-zhetishpejt/
- Published: 2021-12-22T11:40:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**15 күндө салык төлөөчүлөр салык режимин өзгөртүүгө жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=MxFQixW5S8A) Дастан Бекешев билдирди.** 

Депутаттын айтымында, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык режимин өзгөртүүгө берген 15 күн өтө эле аз.

> «Сиздер жарандарга салык режимин тандап алууга 15 гана күн берип жатасыздар. Канча жеке ишкер бар экенин билесиздерби? Сиздер элестетип жатасыздарбы, Салык органдарында кандай кезек болоорун? Биз декларацияны 2 айда тапшырып жатканда эле, укмуштуудай кезек күтүүлөр болот. 100% жетишпейсиздер. Укмуштуудай кезек болот», – деди ал.

Ошондой эле Бекешев 146-беренеде банкта эсеп ачкысы келген жарандар салык каттоосунан өткөндөн кийин гана эсеп ачууга мүмкүндүк ала алышаары тууралуу айтты.

> «Эми элестетип көрүңүз, эгер депозит ачайын десе же пенсия, пособия алууга эсеп ачайын десе, салык кызматына барыш керекпи?» – деди ал.

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев болсо бул банктардын талабы экенин айтты.

> «Сиз туура эмес айтып жатасыз. Салык төлөөчү катары, физикалык жактар да көрсөтүлүп турат. Сиз жок дегенде өзүңүз жазган Салык кодексин окуп койсоңуз болмок», – деди Бекешев.

Амангелдиев ишкерлер гана төлөшөөрүн айтса, Бекешев физикалык жактар да салык төлөөчүлөрдүн катарына кирээрин айтты.