Дастан Бекешев: 15 күндө салык төлөөчүлөр салык режимин өзгөртүүгө жетишпейт

15 күндө салык төлөөчүлөр салык режимин өзгөртүүгө жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев билдирди.

Депутаттын айтымында, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык режимин өзгөртүүгө берген 15 күн өтө эле аз.

«Сиздер жарандарга салык режимин тандап алууга 15 гана күн берип жатасыздар. Канча жеке ишкер бар экенин билесиздерби? Сиздер элестетип жатасыздарбы, Салык органдарында кандай кезек болоорун? Биз декларацияны 2 айда тапшырып жатканда эле, укмуштуудай кезек күтүүлөр болот. 100% жетишпейсиздер. Укмуштуудай кезек болот», – деди ал.

Ошондой эле Бекешев 146-беренеде банкта эсеп ачкысы келген жарандар салык каттоосунан өткөндөн кийин гана эсеп ачууга мүмкүндүк ала алышаары тууралуу айтты.

«Эми элестетип көрүңүз, эгер депозит ачайын десе же пенсия, пособия алууга эсеп ачайын десе, салык кызматына барыш керекпи?» – деди ал.

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев болсо бул банктардын талабы экенин айтты.

«Сиз туура эмес айтып жатасыз. Салык төлөөчү катары, физикалык жактар да көрсөтүлүп турат. Сиз жок дегенде өзүңүз жазган Салык кодексин окуп койсоңуз болмок», – деди Бекешев.

Амангелдиев ишкерлер гана төлөшөөрүн айтса, Бекешев физикалык жактар да салык төлөөчүлөрдүн катарына кирээрин айтты.