> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматкери орточо 12-20 миңге чейин айлык алат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/22/salyk-kyzmatkeri-ortocho-12-20-mi-ge-chejin-ajlyk-alat/
- Published: 2021-12-22T11:59:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматкери орточо 12-20 миңге чейин айлык алат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=MxFQixW5S8A) Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.**

Жыйында депутат Осмон Турдумамбетов Салык кызматынын башчысына жөнөкөй инспектордун айлык акысы канча экенин сурады. 

Абдувапов салык кызматкеринин орто айлык акысы бүгүнкү күндө 12 миңден 20 миң сомго чейин экенин айтты.

> «Ушул баалардын өсүшү менен жетишет деп ойлосузбу кызматкерлерге? Сиз жетекчи болуп келгенден кийин жаңы Салык кодекси кирип жатат. Айлык көтөрүү боюнча маселени биринчи коюшуңуз керек», – деди депутат. 

Министр Данияр Амангелдиев болсо Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акылары жакында көтөрүлөөрү, Министрлер кабинети айлык маянанын жаңы концециясын иштеп чыккандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, жаңы Салык кодекси [күчүнө кирсе](http://localhost/info-portal/novosti/2021/12/21/deputaty-mogut-prinyat-novyj-nalogovyj-kodeks-uzhe-zavtra/), Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга [уруксат берилет](http://localhost/info-portal/novosti/2021/12/20/obysk-proslushka-doznanie-nalogovikov-hotyat-nadelit-polnomochiyami-silovikov/) жана жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша бекитилет.