Салык кызматкери орточо 12-20 миңге чейин айлык алат

Салык кызматкери орточо 12-20 миңге чейин айлык алат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Жыйында депутат Осмон Турдумамбетов Салык кызматынын башчысына жөнөкөй инспектордун айлык акысы канча экенин сурады.

Абдувапов салык кызматкеринин орто айлык акысы бүгүнкү күндө 12 миңден 20 миң сомго чейин экенин айтты.

«Ушул баалардын өсүшү менен жетишет деп ойлосузбу кызматкерлерге? Сиз жетекчи болуп келгенден кийин жаңы Салык кодекси кирип жатат. Айлык көтөрүү боюнча маселени биринчи коюшуңуз керек», – деди депутат.

Министр Данияр Амангелдиев болсо Салык жана Бажы кызматкерлеринин айлык акылары жакында көтөрүлөөрү, Министрлер кабинети айлык маянанын жаңы концециясын иштеп чыккандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, Салык органдарына башка нерселер менен катар имараттарды жана автоунааларды тинтүүгө, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу, ошондой эле абоненттердин ортосундагы байланыштар жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет жана жыйналган салыктын 3%ы Салык кызматына калат, демек, канчалык көп салык чогултса, кызматкерлердин маянасы ошого жараша бекитилет.