> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда 4 дүң логистикалык борбор курулат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/23/krda-4-d-logistikalyk-borbor-kurulat/
- Published: 2021-12-23T10:57:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда 2022-жылдын февраль айынан тартып, 4 дүң логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангельдиев «Биринчи Радиого» берген маегинде [билдирди.](https://www.facebook.com/1Radiokg/videos/361181452476098)**

Министрдин айтымында, логистикалык борборлор Ысык-Көлдө, Чүй облусунда жана Казакстан менен чектеш аймакта курулат. Ошондой эле ал тоо кен өндүрүшүнө эки инвестордун келиши күтүлүп жатканын, энергетика тармагында болсо 5 чакан жана орто ГЭС курулаарын, ага тиешелүү акча каражаттары каралганын, бул 2022-жылда ишке аша турган реалдуу пландар экенин билдирди.

> «Негизги планыбыз бюджетти 400 млрд сомго чейин көтөрүү, жаңы Салык кодексин ишке киргизүү, андаш тышкары, өндүрүштө 5 мекеменин азыгын экспортко чыгаруу, айыл-чарба тармагына жеңилдетилген насыяларды берүү жана төрт дүң логистикалык борборду куруу», – деди Амангелдиев.