КРда 4 дүң логистикалык борбор курулат
КРда 2022-жылдын февраль айынан тартып, 4 дүң логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангельдиев «Биринчи Радиого» берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, логистикалык борборлор Ысык-Көлдө, Чүй облусунда жана Казакстан менен чектеш аймакта курулат. Ошондой эле ал тоо кен өндүрүшүнө эки инвестордун келиши күтүлүп жатканын, энергетика тармагында болсо 5 чакан жана орто ГЭС курулаарын, ага тиешелүү акча каражаттары каралганын, бул 2022-жылда ишке аша турган реалдуу пландар экенин билдирди.
«Негизги планыбыз бюджетти 400 млрд сомго чейин көтөрүү, жаңы Салык кодексин ишке киргизүү, андаш тышкары, өндүрүштө 5 мекеменин азыгын экспортко чыгаруу, айыл-чарба тармагына жеңилдетилген насыяларды берүү жана төрт дүң логистикалык борборду куруу», – деди Амангелдиев.