> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети «Кыргызпатенттин» директорунун жаңы орун басарын дайындады
- URL: https://im.kg/all/2021/12/23/ministrler-kabineti-kyrgyzpatenttin-direktorunun-zha-y-orun-basaryn-dajyndady/
- Published: 2021-12-23T10:36:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Исламбек Мойдинов «Кыргызпатенттин» директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.**

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылдын 17-декабрындагы №667 тескемеси менен Мойдинов Исламбек Жанышович Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 22-декабрда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Ж. Бакиров Мойдиновду **«Кыргызпатенттин»** эмгек жамаатына тааныштырды.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/mojdinov-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/mojdinov-scaled.jpg)