> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/23/talantbek-kushchubekov-kyrgyzstandyn-vengriyadagy-elchisi-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2021-12-23T15:21:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кушчубеков Талантбек Чоюбекович КРнын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.** 

Эскерте кетсек, чыгыш таануучу-арабист Талантбек Кушчубеков мурда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангына ээ.

Мындаш тышкары, президент **Ибрагим Жунусовду** КРнын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси **кызматынан бошотту**. Бирок анын ордуна ким дайындалгандыгы тууралуу маалымат берилген жок.

Ал эми **Аида Касымалиева** Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу **өкүлү** болуп дайындалды.