> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 23-декабрга карата Салык кызматы 104 млрд сом жыйнады. 2022-жылга божомол 150 млрд сом
- URL: https://im.kg/all/2021/12/24/23-dekabrga-karata-salyk-kyzmaty-104-mlrd-som-zhyjnady-2022-zhylga-bozhomol-150-mlrd-som/
- Published: 2021-12-24T10:48:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**23-декабрга карата Салык кызматы 104 млрд сом жыйнады. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Салык кызматынын төрагасынан орун басары Бекболот Алиев «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүп жаткан [пресс-конференцияда](https://kabar.kg/) билдирди**

Анын айтымында, 2019-жылы СК чогулткан жалпы кирешелердин көлөмү 84 млрд сомду түзгөн.

> «2021-жылы 97 млрд сом чогултуу божомолдонгон болсо, 23-декабрга карата биз **104 млрд сом** салык чогулттук. Ал эми санариптештирүү иштеринин аркасында 2022-жылы **150 млрд сомго** чейин салык жыйнайбыз деген божомолубуз бар», – деди ал.