> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 3 коммерциялык банкта жаңы дайындоолор болду – «Халык Банк», «ФинансКредитБанк», «РСК»
- URL: https://im.kg/all/2021/12/24/3-kommerciyalyk-bankta-zha-y-dajyndoolor-boldu-halyk-bank-finanskreditbank-rsk/
- Published: 2021-12-24T21:46:39.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:42:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк үч коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу жөнгө салуучунун маалымат кызматы кабарлады.**

Ага ылайык, УБ **«Халык Банк Кыргызстан» ААК**нын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна **Ержанов Ануар Булатовичтин** талапкерлигин бекитти. 

Ал эми **«ФинансКредитБанк» ААКтын** башкы бухгалтери кызмат ордуна **Маткабылова Нуркыз Аттокуровнанын** талапкерлиги жактырылды. 

Ошондой эле УБ **«РСК Банкы» ААКтын** директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган **Асизов Касен Асизовичтин** талапкерлигине макулдук берди.