> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аз камсыз болгондор үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын тарифи 50 тыйынга арзандайт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/24/az-kamsyz-bolgondor-ch-n-1-kvt-saat-elektr-energiyasynyn-tarifi-50-tyjynga-chejin-t-m-nd-d/
- Published: 2021-12-24T10:03:19.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:37:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясынын тарифи арзандатылып берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.**

Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «КРнын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

> Ага ылайык**,** Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизмеге ылайык, айына 700 кВт саатка чейинки керектөөдө (1 кВт\\с – 50 тыйын өлчөмүндө) электр энергиясына өзүнчө тарифтер белгиленет.