> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинети айыл чарбасында кластерлерди өнүктүрүү саясатынын концепциясын иштеп чыкты
- URL: https://im.kg/all/2021/12/24/ministrler-kabineti-ajyl-charbasynda-klasterlerdi-n-kt-r-sayasatynyn-koncepciyasyn-ishtep-chykty/
- Published: 2021-12-24T10:18:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:48:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.**

Жыйындын жүрүшүндө кластердик системаны өнүктүрүү, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн вегетация мезгилинде үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар жана сугат суусу менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Азиз Аалиев белгилегендей, агроөнөржай комплексин жөнгө салуу механизмдеринин өркүндөтүлбөгөндүгү жана натыйжасыз башкаруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн эмгек өндүрүмдүүлүгүнө өз таасирин тийгизүүдө.

> «Бизде айыл чарба кластерлеринин ийгиликтүү мисалдары бар. Алардан үлгү алып, мамлекет тарабынан максималдуу колдоо көрсөтүлүшү зарыл. Күйүүчү-майлоочу майлар, үрөн менен камсыз кылуу, кийинки экспортко документацияларды даярдоо – бул багыттар боюнча колдоо көрсөтүү зарыл. Кластердик өндүрүштү өнүктүрүү менен биз аймактарды өнүктүрүүгө салым кошобуз, натыйжада, жергиликтүү калк иш менен камсыздалып, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артып, өндүрүлгөн продукциянын сапаты жогорулайт», – деди Азиз Аалиев.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев атамекендик агроөнөржай комплексин кластердик өнүктүрүү саясатынын концепциясы менен тааныштырды.

> Ал белгилегендей, **ишканаларды иш түрү боюнча 9 негизги кластерге**, анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу ишканаларга бөлүштүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, долбоорго ылайык, ар бир кластерге акыркы натыйжага багытталган максаттуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, жолугушууга бизнес-коомчулук өкүлдөрү катышты, алар агроөнөржай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын билдиришип, ошондой эле өндүрүштүк иштерге байланыштуу келип чыккан көйгөйлөр тууралуу айтышты.