> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы Салык кодексинде эмнелер өзгөрөт – Экономика министрлиги жооп берет
- URL: https://im.kg/all/2021/12/24/zha-y-salyk-kodeksinde-emneler-zg-r-t-ekonomika-ministrligi-zhoop-beret/
- Published: 2021-12-24T15:03:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жаңы Салык кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Коомчулукта кызуу талкууда болуп жаткан жаңы Салык кодексине ылайык, эмнелер өзгөрөрүн Экономика министрлиги** **түшүндүрүп берди.** 

Ведомстводон белгилешкендей, долбоордо ишкерлер үчүн да, мамлекет үчүн да салыктык башкаруунун туруктуулугуна жана сапатына оң таасирин тийгизүүчү олуттуу өзгөрүүлөр каралган:

- Форс-мажордук жагдайларды (салык системасынын туруктуулугу, бизнести пландаштыруу жана инвестициялык долбоорлор) кошпогондо, Салык кодексине **жылына бир жолудан ашык** өзгөртүү киргизилбейт
- Салык салууда эки негизги ыкма болот: **жалпы режим** жана **Бирдиктүү салык**
- Экономика министрлигинин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү Салык кызматы үчүн милдеттүү болот
- Бирдиктүү салык режимин чакан гана эмес, **акча жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин болгон** **орто бизнес** да колдоно алат (бир кварталдык отчет)
- Кэшбэк. Чектерде көрсөтүлгөн сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын бир бөлүгүн кайтаруу боюнча долбоорду ишке киргизүү
- Салыктык контролдун дистанциялык системасын ишке киргизүү нормасы түзүлдү
- Карыздын негизги суммасын жана калган туумдарды төлөгөндөн кийин салык төлөөчүгө 50% айыптык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу
- Экспорттоочу ишканалар үчүн КНСти кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн механизми
- Ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып баруу
- Кыргызстандын аймагында электрондук түрдө (GOOGLE, YANDEX, YANDEX TAXI) кызмат көрсөткөн компанияларга КНСти төлөө режими киргизилүүдө. Ошондой эле, электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк үчүн атайын салык режими киргизилет
- Тигүү, зергерчилик, авиация өнөр жайынын субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктер каралган, электр автобустарын чыгаруу жана жеткирүү долбоорлору да КНСтен бошотулган
- Ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатуу салыгы 2%дан 1%га чейин төмөндөтүлгөн
- Милдеттүү патентке жана салыктык контракттарга негизделген салык режимдери жоюлду (адилет салык жүгү принциби).