> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы болот
- URL: https://im.kg/all/2021/12/25/ajyl-charba-ministri-askarbek-zhanybekov-ajyl-banktyn-direktorlor-ke-eshinin-t-ragasy-bolot/
- Published: 2021-12-25T21:56:17.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:42:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жакында «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Анын айтымында, бул дайындоого президент макулдук берген.

> «Айыл чарба министринин 9 кластери бар агрохолдинг жана 9 млрд сом сыяктуу 2 чоң механизми болот, ошондой эле кошумча «Айыл Банктын» бардык финансылык мүмкүнчүлүктөрү дыйкандарга берилет», – деди ал.