> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ойготпогула. 1-9-январь эс алуу күндөрү деп жарыяланды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/25/ojgotpogula-1-9-yanvar-es-aluu-k-nd-r-dep-zharyyalandy/
- Published: 2021-12-25T22:18:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин чечими менен Жаңы Жылдан кийин 10-январга чейин эс алуу күндөрү болот. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.**

> Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күндүк график боюнча иштеген республика жарандары үчүн **2022-жылдын 1-9-январы** дем алыш күндөрү деп жарыяланды. 

Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан **1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес** катары жарыялоо сунушу киргизилди.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.