> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адахан Мадумаров: Ысык-Көл мейманканасынын бузуу демилгеси кайдан чыкканы белгилүү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/27/adahan-madumarov-ysyk-k-l-mejmankanasynyn-buzuu-demilgesi-kajdan-chykkany-belgil/
- Published: 2021-12-27T10:57:48.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:37:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкек шаарындагы Ысык-Көл мейманканасынын бузуу демилгесинин кайдан чыкканын жана кимдерге тиешелүү экендиги тууралуу божомолун айтты.**

Ал өзүнүн видеокайрылуусунда мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

> «Кеп «Ысык-Көл» конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң жер бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болуш керек. 

> Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый-архитектуралык, маданий имарат болушу керек болчу. Аны ким чыгарды ал тизмеден, эмне үчун чыгарды? Бул чоң маселе», – деди Мадумаров.

Эскерте кетсек, өлкө башчынын иш башкармалыгы Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана башкаларга коркунуч туудурарын 24-декабрда кабарлаган болчу.