Адахан Мадумаров: Ысык-Көл мейманканасынын бузуу демилгеси кайдан чыкканы белгилүү

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкек шаарындагы Ысык-Көл мейманканасынын бузуу демилгесинин кайдан чыкканын жана кимдерге тиешелүү экендиги тууралуу божомолун айтты.

Ал өзүнүн видеокайрылуусунда мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

«Кеп «Ысык-Көл» конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң жер бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болуш керек.

Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый-архитектуралык, маданий имарат болушу керек болчу. Аны ким чыгарды ал тизмеден, эмне үчун чыгарды? Бул чоң маселе», – деди Мадумаров.

Эскерте кетсек, өлкө башчынын иш башкармалыгы Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана башкаларга коркунуч туудурарын 24-декабрда кабарлаган болчу.