«Дордой Моторс» базарынын 200 ишкери ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты

Бүгүн, 27-декабрда, Бишкекте «Дордой Моторс» базарынын ишкерлери ККМди киргизүүгө каршы митингге чыгышты.

Базардын аймагында чогулган 200дөй адам кассалык аппаратты колдонууга шарты жок экенин айтып, өкмөттү бул чечимин кайрадан карап чыгууга чакырууда. Алардын айтымында, пандемиядан соң соода солгундап, кымбатчылык күчөгөн шартта кассалык аппараттарды киргизүү базарда соода кылгандарды кошумча чыгымга учуратат.

«Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти көбөйтөм деп убада берип, күчүн элге чыгарып жатат. Кассалык аппаратты киргизүү базардын шартына туура келбейт. Ошондуктан, мурдагыдай эле патенттик системаны узартууну талап кылабыз», – деди базарда соода кылгандардын бири Осмон Тажыбаев.

Ушундай эле талаптар менен буга чейин митингге «Дордой» базарынын соодагерлери да чыгышкан.  Ага чейин Жогорку Кеңештин имаратынын жанында «Таатан» базарынын соодагерлери да чыгышып, алар мурдагы патент боюнча иштөө режимине кайтарууну талап кылышкан болчу. Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору ишкерлерге кассалык аппараттын жоктугу үчүн азыртадан эле айып пул салып жатканын айтышкан эле.